Бүгүн күнгө жекшемби, 24-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айга чукул убакыт өттү. Туура жарым ай мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров соңку убакта болуп көрбөгөндөй колдоо менен утуп чыгып, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде жакын арада чуулуу кармоолор менен коштоло турган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.
25 күндө 7 депутат кетти
Бир айга жетпеген убакыттын ичинде 7 депутат мандатын тапшырды. Анын ичинен үчөө эле ушул аптанын ичинде Жогорку Кеңештеги креслосун бошотуп...









