Бүгүн күнгө жекшемби, 21-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 жарым ай, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына 2 жарым ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган жаңы Конституция боюнча референдумга 3 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында чек ара боюнча такташуу маселелери, жаңы Баш мыйзамды сынга алган жарандык активисттердин кармалуусу тууралуу саресеп салууну туура көрдүк.
20 жылдык кечеден кийин келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Элдин жана эл өкүлдөрүнүн пикири
Бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин Кара-Кулжада беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук көйгөйүн кайра көтөрдү. Мындай окуялар...