Бүгүн күнгө жекшемби, 7-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта президенттик Сооронбай Жээнбековдон Садыр Жапаровго, Садыр Жапаровдон убактылуу Талант Мамытовго, анан шайлоо өтүп, кайра Садыр Жапаровго өттү. Жогорку Кеңештин төрагасына келсек, Дастан Жумабековдон кыска убакытка Мыктыбек Абылдаевге, кийин Канат Исаевге, андан ары спикерлик Талант Мамытовдун колуна тийди. Өкмөт башчылыкка токтолсок, бул чоң кызмат Кубатбек Бороновдон үч жолку добуш берүү аркылуу Садыр Жапаровго өтүп, ал шайлоого кеткенде убактылуу Артем Новиковго тапшырылып, бул аптада министрлер кабинетин жетектөөгө Улукбек Марипов келди. Жогорку бийлик башында тургандардын акыркы 4 ай ичиндеги орун алмашуулары ушундай болуп жатты. Эми кезек андан төмөн турган тепкичтерде… “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде орун алган чоң окуялардын тегерегиндеги чоң талкууларга саресеп салууну чечтик.
#Аптага_сереп: Сөздөн жаңылган турбайт! Марипов элди түп көтөрүп жиберейин дедиби?
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы. Кимдер депутат болуп келет?
Автор
Алтынай Тынышова
13:06 01.12.2025
Эң көп добуш алган 10 талапкер
Автор
Алтынай Тынышова
12:48 01.12.2025
БШК: "Фейк аккаунттарды комиссия аныктайт"
Автор
Айзада Тураркулова
10:32 29.10.2025
Шайлоо - 2025: Эки талапкердин арызы четке кагылды
Автор
Айзада Тураркулова
09:34 28.10.2025
Күйөөсү менен аялы, атасы менен баласы депутат болсо болобу?
Автор
Айзада Тураркулова
10:33 20.10.2025