Бүгүн күнгө жекшемби, 21-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 жарым ай, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 жарым айдай калды. Ошол эле күнү Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум да өтүшү мүмкүн. Бирок буга чейин “хоп” дегенден башканы билбей келген Жогорку Кеңешке бул аптада жан кирип, Конституциянын жаңы долбоорун сынга алган депутаттардын тобу ойгонду. Шайлоо жакындаганда саясий упай топтоо аракетиби же “президенттик башкарууга өтсөк, анда биз эмне кылабыз?” деген суроого жооп издөө кезеги эми гана келдиби, айтор, жакынкы күндөрдө парламенттик жыйындар «ысык» боло баштайт көрүнөт. Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү тууралуу талкуулоого дагы убактыбыз бар. Андыктан “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде “кайдасың, бийлик?” жана “бар экенсиң го, бийлик” деген реакция жараткан эки чоң окуяга саресеп салууну чечтик.
Москвадагы мончодо мигранттардын сабалышы | Элдин жана депутаттардын пикири
Социалдык тармактарда Орусиядагы мончодо мигранттар күч органдары тарабынан кармалган видео тараган. Эмгек министрлиги 24 кыргызстандыктын жыйырмасы бошотулуп, төртөө Орусиядан чыгарыла...