23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине массалык маалымат каражаттарында жана интернетте жалган жалаа жабуу жана мазактоо боюнча кошумча беренени киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Катталган 80 депутаттын 63ү “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш беришти.
Биз айрым эл өкүлдөрүнө “Жалаа жабуу, мазактоого айып салган мыйзам долбооруна мындан кийинки окууларда кандай добуш бересиз? Өзүңүз тууралуу кандай каралоо же ушакка кабылгансыз? Кандай чара көрдүңүз эле?” деп суроо салдык.
Депутаттарга алган айлыгы жетеби? | «Собол TIME»
Кыргызстанда орточо айлык акы 42 миң 900 сомду түзөрү маалымдалган. Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев буга чейин айткан сөзүнө...









