Социалдык тармактарда Орусиядагы мончодо мигранттар күч органдары тарабынан кармалган видео тараган. Эмгек министрлиги 24 кыргызстандыктын жыйырмасы бошотулуп, төртөө Орусиядан чыгарыла турганын билдирген. Тышкы иштер министрлиги ишти көзөмөлгө алып, Орусиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылды. Депутат Жанар Акаев жапайычылык, зөөкүрчүлүк болгонун айтып чыкты. Мындан улам СерепТВ телеканалы бул маселенин алкагында элге жана эл өкүлдөрүнө кайрылууну чечти.
«Шайлоодо утулуп калып депрессияда жүргөн талапкерлер көп» | Блогер Чолпон Жээнбекова
“Үгүт учурунда эл менен жолугушууга эч ким келбеген учур да болду — аны жашырбай айттым. Анткени жасалма пафос эмес, чындык...









