Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоого макулдук беришти. Аталган мыйзам долбоору 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат «макул», алтоо «каршы» добуш берди. Бул боюнча “Жаңы Конституцияга муктаждык барбы? Референдумга барасызбы? Барсаңыз кандай добуш бересиз?” деген суроолордун алкагында калаа тургундарынын оюн угуп көрдүк.
25 күндө 7 депутат кетти
Бир айга жетпеген убакыттын ичинде 7 депутат мандатын тапшырды. Анын ичинен үчөө эле ушул аптанын ичинде Жогорку Кеңештеги креслосун бошотуп...









