Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кызматтарынан четтетилген саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун чыры, жарым жылдан ашуун убакыттан бери аркалаган ишинин күнгөй жана тескейи, курултай мыйзамынын тагдыры тууралуу айтып берди. Саясаттан тышкары жазуучу азыноолак чыгармачылыгы жөнүндө да сөз кылды. «Саясий коктейль» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жылдызкан Жолдошова: «Садыр Жапаров интеллигент, Камчыбек Ташиев палван»
“Саясий коктейль” берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду. Ал маегинде соңку актуалдуу саясий-коомдук маселелер, президенттик...









