Чуулгандуу саясий иштерде жактоочулук кылган таанымал адвокат Таалайгүл Токтакунова СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал мыйзамда экс-президент сотко келип көрсөтмө бергенге болбойт деген эч кандай норма жоктугун айтат. «Интернетке тарап кеткен видеодогу банк ячейкаларында саналып жаткан долларлар Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо кампаниясына арналган акча экендигин Дүйшөнбек Зилалиев УКМКдагы тергөөдө айткан. Акчаны Сооронбай Жээнбековго бергенин, ал ишке Сапар Исаков күбө экенин да айткан. Бирок тергөө жүрүп жаткан маалда Жээнбеков президент болчу. Бул көрсөтмөнү тергөөдө кулак сыртынан кетирип коюшкан. Зилалиев Сооронбай Жээнбеков сотко келип, ал акча меники эмес болчу деп менин көзүмө карап айтып көрсүнчү. Антип айта албайт деп жатат»,- дейт жактоочу.
Депутат Динара Ашимова: «Аябай стресс болдум»
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берди. Нуржигит Кадырбековдун учурда партиядагы ролу кандай?...









