Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайланып келгенден бери 7 ай ичинде 7 мыйзам долбоорун алып чыкканын айтат. Алтындын 30 пайыздык үлүшү өлкөдө калсын, педофилдердин жаза мөөнөтү узартылсын, оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берилсин, спекулянттар жазалансын… Эл өкүлү Жогорку Кеңеште да, калк арасында да талкуу жаратып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу жана соңку саясий окуялар боюнча суроолорго жооп берди. «Саясий коктейль» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жылдызкан Жолдошова: «Садыр Жапаров интеллигент, Камчыбек Ташиев палван»
“Саясий коктейль” берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду. Ал маегинде соңку актуалдуу саясий-коомдук маселелер, президенттик...









