СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн бул жолку коногу «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов. Ал учурда пикирлеши Тилекмат Куреновдун кармалышы, өлкө президентин баш, депутаттарды төш кылып сотко бермекчи болгон аракети жана Октябрь окуялары, көшөгө артында саясатчылардын кандай сүйлөшүүлөрү жүргөнүн, жаштар жеңишин кантип карт бөрүлөргө алдырып жиберишкени тууралуу кенен маек берди.
Депутат Динара Ашимова: «Аябай стресс болдум»
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берди. Нуржигит Кадырбековдун учурда партиядагы ролу кандай?...