Биржан Байболдун экс-продюсери эми Наарынды белгилүү кылабы?

“Аруузатым”, “Ак сүйүү”, “Махабатым” жана башка ырларды кавер аткарып жүргөн Наарын Сүйүнтбеков продюсер Аслан Камысбай менен иштеше баштады. Бул тандем ыр артынан ыр жаздырып, клип артынан клип тарттырып, билек түрө чыгармачылыктын үстүндө иштешүүдө. Алардын бири “Мен үчүн өмүр сүрчү, жарыгым” аттуу ырдын клиби. Бул видеоклип мини баянды көрсөтүп, узактыгы 8 мүнөткө созулат. Клиптин презентациясы 9-июль күнү Бишкектеги кинотеатрлардын биринде көрсөтүлдү. Репортажды көрүңүз.