“Душнила” деп таанылган Самат Субанов өлкөдөгү жана дүйнөдөгү белгилүү адамдардын маектеринде орус тилинде кетирген каталарды оңдоп, видео тартып, соцтармактагы баракчасына жарыялайт. Жакында эле анын кыргыз тилине байланыштуу тамашасы интернетте тарап, элдин сынына калды. Бул окуя боюнча Субанов “Ал видеого тартылганыма өкүндүм. Учурда лингвистикалык экспертиза жүрүүдө. Кандай болсо да, мыйзам алдында жоопко тартылууга даярмын” дейт.
Байыш Момунов, ырчы: «Балдарымдын апалары аман болсун»
Ырчы Байыш Момунов 21-март күнү “Сахнада 30 жыл” аттуу концертин өткөрөт. Ырчы менен маектештик."Кечемди жети дубандын 76-жылкылары каржылайт. Бизде ынтымак...









