“Карабачы” деп ырдаган Нурбек Дайырбек уулу: “Жакындарым мени өлөт деп даярданышыптыр”
"Карабачы, антип мени караба, Кайрадан жүрөгүмдү жаралаба. Унутам деп өзүмдү-өзүм алдап келем, Үзүлгөн үмүтүмдү кайрылаба” Бул чыгарманын чыкканына 20 жыл болсо дагы анын аткаруучусу Нурбек Дайырбек уулу бүгүнкү күнгө чейин жаш көрүнгөну менен күйөрмандарын таң калдырып келет. Бул жолу биз ал ырчы менен маектешип, эмне себептен "Карабачы” ырынан кийин жаңы чыгармаларды көп чыгарбай калганы, учурда эмне менен алек болуп жүргөнү жана чыгармачылыктагы тыныгуусунун себептери тууралуу кеп курдук.