Биз “Күйдүм чок” берүүсүнүн 2-чыгарылышын тарттык. Анда конокто колдоруна музыкалык аспаптарын кармап, ырчылар Рустам Сагыналиев, Ирлан Таалайбеков, Нурила, Канышай Сүйүнбай, Нурсултан Курманбеков жана куудул Талас Кашкариев болду. Кудум айылдын четиндеги отурушту элестеткен музыкалык берүүдө алар ырдап, ойноп, тамашалашып, башынан өткөн окуяларын айтып берип отурушту.
Султан Садыралиев: “Москвада болбой калган концерт үчүн элге миллион рублдан ашык акча төлөп бердим”
Бул жолку коногубуз ырчы Султан Садыралиев. Анын дарегине карата негативдүү пикир жок. Бул тууралуу ал “үйдөгү маселелерди сыртка чыгарбай, менин...









