“Ошко, Ошко” деп ырдаган Сурма эгиз уулдуу болду

“Ай, кызым”, “Ошко, Ошко” деп ырдаган ырчы Сурма Тургунаалы кызы эгиз уулдарды жарыкка алып келди. “Эгиз наристелерди күтүп жатканыбызды эч кимге айткан эмеспиз. Түшүмө келген аяндан кийин ата-энелерибиз менен кеңешип, уулдарга Илим жана Билим деген ысым ыйгардык” дейт ырчы. Эне жана балдарды төрөтканадан чыгарып алуу үчүн ырчынын үй-бүлөсү, жакындары барды. Биз да ырчынын бул жакшылыгын тең бөлүшүп келдик.15:36