Буга чейин чыгармачылыкка жаңы кадам таштап жаткан Алмаз Аман аттуу жигиттин арабага байланган тагдыры тууралуу видеоматериал даярдаганбыз. “Денемдин 60 пайызы гана иштейт” деген ал кийинчерээк сүйүктүүсүнө баш кошуп, үй-бүлө курганын SUPERTV’нын “Жан шерик” берүүсүндө айтып, жубайы менен чогуу маек берген. Каарманыбыз 1-август күнү заманбап үлпөт тоюн өткөрүп, алардын баш кошуусуна себепчи болгон биздин телеканалды да конокко чакырды.
Султан Садыралиев: “Москвада болбой калган концерт үчүн элге миллион рублдан ашык акча төлөп бердим”
Бул жолку коногубуз ырчы Султан Садыралиев. Анын дарегине карата негативдүү пикир жок. Бул тууралуу ал “үйдөгү маселелерди сыртка чыгарбай, менин...









