Кыргыз этноспорт ассоциациясынын жаңы президенти дайындалды
3-июлда Кыргыз этноспорт ассоциациясынын жаңы президенти дайындалды. Жыйынга спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, дирекциянын кызматкерлери катышты. “Бул ассоциация спорттун улуттук түрлөру боюнча дирекция менен биргеликте иш алып баруу үчун түзүлгөн” дейт аталган дирекциянын жетекчиси Улукбек Өмүрбеков. Жыйында Кыргыз этноспорт ассоциациясынын президенти болуп жаңы бекитилген Акылбек Эшимов алдыдагы пландары тууралуу айтып жатып, “улуттук спортту чогуу бийиктиктерге алып чыгабыз” дейт.