8-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сингапур командаларынын футболдук мелдеши өттү. Оюн башталаар алдында «Ак шумкардын» формасын кийген жигит сүйүктүүсүнө шакек сунуп, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизди. Сүйүшкөн жаштарды оюн көрүүгө келген күйөрмандар колдоп турушту. Кыйкырык-сүрөөн, эмоцияга бай болгон оюндан репортаж сунуштайбыз.
Спорт агенттиги улуттук спортко олуттуу кадам кылууда
13–14-апрель күндөрү Бишкек шаарында алыш күрөш боюнча Азия чемпионаты жогорку деңгээлде өттү. Бул ири мелдешке Азиянын 15 өлкөсүнөн 100дөн ашуун...









