18-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

18-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градуска чейин ысыйт.