Эсиңизде болсо, 2015-жылы Бишкекте 4 эм бала жарыкка келип, аларга ошол кездеги беделдүү саясатчылардын жана балдар ооруканасынын жетекчисинин ысымы коюлган. Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек аттуу 4 эм учурда 5 жарым жашта. Балдардын апасы Гулайым Абдылдаева “Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек – шок, ал эми Камчыбек болсо токтоо” дейт. Жаңы жыл майрамын утурлай, SUPER TV 4 эмден кабар алып кайтты.
Бекзада Жолборсова: “8-9 балалуу болгубуз келет”
Бул жолу студиябызга шоумен Эрмек Таалайбековдун жубайы, блогер Бекзада Жолборсованы чакырдык. Коногубуз менен үй-бүлө баалуулуктары, кыргыз келиндеринин образы, энелик, блогерлик...