“Алданып үйүмдү алдыртып алып, карылар үйүнө келип калгам” дейт карылар үйүнүн жашоочусy

Карылар үйүндөгү тагдырларды баяндоону улантабыз. Кийинки каарманыбыз Эсенгул Илиясов 60 жашка таяп калган. Өз башынан оңой эмес турмушту өткөргөн бул каарманыбыз үй-бүлө жаатында жолу болбогонун, кара тер жумшап, ак эмгек менен тапкан акчасына салган үйүн алданып арзан сатканын, карыган кезде ондон ашык оору жабышканын айтып, тагдырын баяндап берди.