Альбина Имашова баарын таң калтырды

“Туңгуч” жаштар театры тарабынан даярдалган “Жесир” спектаклинин бет ачары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коюлду. Бул спектакль Казакстанда өткөн 3-эл аралык театр фестивалында көрсөтүлүп, анда “мыкты режиссура” наамына ээ болгон. Спектаклдин режиссёру – Арнис Кыдырмышев. Башкы ролдо КРнын эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова.