Бүгүн күнгө жекшемби, 27-декабрь. Президенттик шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган референдумга туура эки апта калды. Шайлоого 18 талапкер катышып жатканы менен башынан күтүлгөндөй эле агитация кампаниясын жалгыз эле талапкер жүргүзүп жаткандай сезилүүдө. Мындай болорун бир эмес, эки жолу маалымат жыйын аркылуу айрым талапкерлер айтып чыккан эле. Балким, нечен ирет кайталана берип, тажатмадай угулуп калганына карабастан, буга УКМКнын төрагасы айткандай, айрым талапкерлердин шайлоодон кийин тополоң чыгарууга даярданып жатканы себептир… Дегиле Камчыбек Ташиев эң оболу кадрдык чекист эмес, саясатчы болгону үчүнбү, дээрлик эки саатка созулган басма сөз жыйынында көшөгө артындагы көп окуялар тууралуу айтып берди. Ушул жана башка жума ичиндеги маанилүү окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.
Бекзада Жолборсова: “8-9 балалуу болгубуз келет”
Бул жолу студиябызга шоумен Эрмек Таалайбековдун жубайы, блогер Бекзада Жолборсованы чакырдык. Коногубуз менен үй-бүлө баалуулуктары, кыргыз келиндеринин образы, энелик, блогерлик...