“Адам сууга чөксө эмне кылуу керек?”

Толугу менен «Жашоо Медиа» сайтында

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева сууга чөгүүдө кандай жардам керектигин айтып берет.

Кыргызстанда жыл сайын ондогон адамдар сууга байланыштуу кырсыктардан каза табат. Мындай окуя ачык көлмөдө, же болбосо бассейнде да болуп өтүшү мүмкүн. Ыкчам аракет кылуу жана туура жардам берүү кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга көмөктөшөт.

1-кадам. Абалын текшерүү. Эгерде адамды суудан алып чыксаӊар жана дем албай жатса жүрөк-өпкө реанимациясын мүмкүн болушунча тез баштоо зарыл. Дем алуусун “уктум, көрдүм, сездим” деген принцип боюнча текшергиле – дем алуусун тыӊшагыла, эӊкейип бетиӊер менен тынганын сезгиле, көкүрөгү кыймылдап жатабы, карагыла.
2-кадам. Дем алуу жолдорун тазалоо. Эгерде дем албай жатса, оозун ачкыла жана ичин кум же балыр сыяктуу булгаган заттардан тазалагыла. Бул үчүн кол жоолукту же марлини манжага ороп алгыла жана дем алуу жолдорун тосо турган бардык ашыкча нерселерди алып салгыла.
3-кадам. Өпкөнү жасалма дем алдыруу жана компрессия. Жабыркаган адамдын оозун таза кездеме менен жапкыла, бир эле учурда мурдун да жаап, эки жолу дем үйлөгүлө. Эгерде көкүрөгү кыймылдабаса, анда бул дем алуу жолдору дагы деле жабык турганын билдирет – ооздун ичин кайталап тазалагыла. Андан кийин көкүрөгүнө компрессия жасоого киришкиле.

— Көкүрөк клетканы кийимден бошоткула жана төштүн ортосун болжоп тапкыла.
— Бир колду көкүрөккө койгула, экинчи кол менен анын үстүнөн баскыла. Мында чыканактар түз абалда турушу керек.
— 30 жолу басып иштеткиле, андан кийин оозуна эки жолу дем үйлөгүлө. Тез жардам келгенге чейин бул ишти кайталап уланткыла.

Маанилүү! Эгерде реанимацияда бейтаптын оозунан суу чыга баштаса, чакап калбашы үчүн анын башын капталына буруп коюу керек. Атүгүл жабыркаган адамдын дем алуусу калыбына келген болсо дагы аны ооруканага жеткирүү керек, анткени күтүүсүз өлүм синдрому сыяктуу кийинки татаал кабылдоолор келип чыгышы мүмкүн.

Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеӊештерди таба аласыздар.