“Ата-энесинен жашырынып Дордойдон алган дары менен аборт кылган кыздар бар” дейт гинеколог

Акыркы кездери 14 жаштагы кыздын көз жарганы, Ошто 7 жаштагы кыз зордукталды деген кабарлар коомчулукту дүрбөттү. Айрым учурда ыдык көргөн өспүрүм кыздар өз аталарынан төрөгөн учурлар катталууда. Буга байланыштуу “Ден соолук” рубрикасынын кезектеги чыгарылышында аталган маселелердин алкагында гинеколог-хирург Нургазы Жанузаков менен маек курдук.