Баланын карышуусу (судороги) же талма. Кантип айырмалоо керек?

«Жылдык эсеп менен алганда ооруканага түшкөн балдардын 70 пайызы талма оорусу менен катталат», — дейт Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Турдалиев. «Шыпаакана» берүүсүнүн алкагында балдардын карышуусу (судороги), талма оорулары, анын алдын алуу, дарылоо жолдору тууралуу баарлашып, эл арасында көп берилген суроолорго жооп алдык.