“Баш менен сууга секирбегиле. Тирүү калсаңар да, майып болуп калышыңар мүмкүн” дейт реаниматолог

Дарыгерлер жай мезгили келген сайын “сууга баш менен секирбегиле” деп коңгуроо кагып келишет. Эмнеге баш менен сууга секирүүгө болбойт? Туура эмес секирүүнүн кесепети кандай? Бул теманын алкагында кененирээк сүйлөшүү үчүн биз “TV Шыпаакана” берүүсүнө врач-нейрохирург жана реаниматолог-анестезиологду студияга чакырдык.