Чоңун да, баласын да жыккан грипп | «Тумоонун туу чокусуна жете элекпиз. Ал январда күтүлөт»

Өлкөдө эпидемиологиялык абал соңку эки апта ичинде курчуду. Бул жолку тумоолоп жаткандар демейдегиден оор жүрүп жатканын, дене табы ылдыйлабай, жөтөл да кыйнап жатканын айтышууда. Чүй облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев чочко тумоо эмнеси менен айырмаланарын, үй шартында кандай дарылануу жана кайсы учурда дарыгерге кайрылуу керектигин айтып берди.