Этти көп жесе, ашказан рак оорусуна алып келеби? | Онкохирург: «Аптасына эки жолу эле эт жеген оң»

Күз мезгили бул тойлордун сезону, мындай убакта демейдегиден эт көп желет. Этти нормадан ашыкча колдонуу, дегиле туура эмес тамактануу ашказандын рак оорусуна алып келет дешет. «TV Шыпаакана» берүүсүндө Кыргызстанда онкологиялык оорулардын ичинде биринчи орунда турган илдет тууралуу онкохирург Сүйүтбек Дөөлөтбеков айтып берет.