«Медиктер өмүр сакчылары. Жаза катары бычуу — хирургга психологиялык сокку болот» дейт уролог

Жогорку Кеңеште педофилдерди кастрация кылуу маселеси кайрадан көтөрүлүп, талкуу жаратып жатат. Бул сапар жашы жете электерди зордуктагандарды хирургиялык жол менен бычып салуу каралууда. Кастрация деген эмне? Бычуу – медициналык планда кандай каралган? Суроолорго медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Усупбаев Акылбек Чолпонкулович жооп берди.