Депутат Айнура Осмонова азык-түлүктүн кымбатташы боюнча нааразычылыгын айтты

“Эл үчүн керектүү болгон азык-түлүктүн баасы асмандын башына чыкты. Антимонополия кайсы жакты карап отурат? Бизге бул агенттиктин кереги барбы?”. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда парламенттик комитетте депутат Айнура Осмонова айтып чыкты.
Ушул эле күнү азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө байланыштуу аткаминерлер соодагерлер менен жолугушту. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде Салык кызматы, Айыл чарба министрлиги, Финпол жана өлкөдөгү ири соода тармактарынын өкүлдөрү сүйлөшүштү. Ишкерлер өсүмдүк майы, жумуртка, кумшекер жана унга болгон баа доллардын кымбаттап жатышынан улам экенин айтышты. Өзгөчө жумуртканын баасы Казакстанда куш тумоосу жүрүп, жемдин баасы көтөрүлүп кеткени үчүн жогорулаганын билдиришти.
Талкуунун жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бир катар маселелерди өкмөткө киргизмей болду. Ал эми соода тармактарына эл үчүн керектүү болгон азык-түлүктүн баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунуш берилди.