“Айыл Банк” ААКсы кардарларга ислам каржылоо принциптерине ылайык пайдалуу шарттарда каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган жаңы акциясы ишке киргизилгендиги тууралуу билдирет.
Мурабаха – бул кардардын өтүнүчү боюнча банк тарабынан сатылып алынган товарды бөлүп төлөө шартында кайрадан кардарга сатуу мүмкүнчүлүгүн камтыган банк менен кардардын ортосунда келишилген бүтүм болуп саналат. Аталган бүтүмдө банк товар наркын жана ага үстөк акысын толугу менен ачык көрсөтөт.
Кардарлар төмөнкү багыттар боюнча ислам принциптеринде каржылоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат:
Бизнести каржылоо:
· жүгүртүү капиталды толуктоону каржылоо мөөнөтү 36 айга чейин, инвестицияларга 60 айга чейин;
· каржылоо валютасы – сом, АКШ доллары, орус рубли;
· күрөө – 150 000 сомго чейин күрөө талап кылынбайт, 300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк, 300 000 сомдон жогору – кыймылсыз мүлк.
Ипотекалык каржылоо:
· каржылоонун мөөнөтү 120 айга чейин;
· каржылоо валютасы – сом, АКШ доллары;
· камсыздоо – сатылып алынып жаткан кыймылсыз мүлк;
· баштапкы төлөм (хамиш джиддия) – сатылып алынып жаткан мүлктүн баасынын 30% жогору, баштапкы төлөм жок же 30%дан кем болсо, күрөөгө кошумча кыймылсыз мүлктүн коюулушу талап кылынат.
Автокаржылоо:
• каржылоонун мөөнөтү — 60 айга чейин;
• валютасы – сом, АКШ доллары;
• камсыздоо – сатылып алынып жаткан автоунаа;
• баштапкы төлөм (хамиш джиддия) – сатылып алынып жаткан автоунаанын 35%дан жогору, баштапкы төлөм жок же 35%дан кем болсо болсо, күрөөгө кыймылсыз мүлк талап кылынат.
Агрокаржылоо:
· жүгүртүү капиталды толуктоого мөөнөтү 36 айга чейин, инвестицияларга 60 айга чейин;
· каржылоо валютасы – сом;
· Айыл чарба техникасын 300 000 сомго чейин сатып алууну каржылоодо, баштапкы төлөм сатылып алынып жаткан техника наркынан хамиш жиддия кеминде 20% болушу зарыл. Эгерде күрөө катары кыймылсыз мүлк сунушталса, анда кардар айыл чарба техникасынын наркынын 100% каржылоо ала алат.
«Айыл чарбасын каржылоо — 12» мамлекеттик долбоору алкагында каржылоо:
· Каржылоонун суммасы — 50 000 сомдон 500 000 сомго чейин;
· Каржылоонун мөөнөтү — 24 айга чейин;
· күрөө – 150 000 сомго чейин күрөө талап кылынбайт, 300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк, 300 000 сомдон жогору – кыймылсыз мүлк.
“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик долбоору алкагында каржылоо:
Каржылоонун мөөнөтү – 300 000 сомго чейин 36 ай, 300 000 сомдон өйдө 60 айга чейин; валютасы – сом; камсыздоо – 150 000 сомго чейин күрөө талап кылынбайт, 300 000 сомго чейин кепилдик же кыймылдуу мүлк, 300 000 сомдон жогору – кыймылсыз мүлк. Товарларды бөлүп төлөө:
каржылоонун мөөнөтү 24 айга чейин; валютасы – сом; камсыздоо – 150 000 сомго чейин күрөө талап кылынбайт, 150 000 сомдон жогору кепилдик. Акция ислам принциптерине ылайык жашыруун төлөмдөрсүз жана кошумча пайызсыз каржылоо алууга мүмкүндүк берет. Ислам ченемдерине ылайык каржылык чечимдерди издегендер үчүн эң ыңгалуу мүмкүнчүлүк.
Улуттук Банктын лицензиясы №048/1