«Айыл Банктан» лизингге техника алуу оңой жана жөнөкөй»

«Айыл банк» ААКсы кардарларга лизингге Европадан алынып келинген асыл тукум малдарды, айыл чарба техникаларын жана башка турмуш тиричиликке керектүү шаймандарды 6 пайыздык чен менен берип келет. «Бизде лизингге кезекке туруу деген жок. Кардарлардын маселеси 10 күн аралыгында чечилет», — дейт «Айыл банктын» лизинг боюнча адиси.