Англис тили курсу ачылып, котормочу болгусу келген айылдык окуучулар

Ысык-Көл облусуна караштуу Абдрахманов айыл аймагында мурун англис тил курсу жок болгон. Тил үйрөнөм деген балдар коңшу айыл аймактарга же Бишкекке чейин барып, окуп жүрүшкөн. Абдрахманов айыл өкмөтү жакында англис тил курсун ачык конкурстун негизинде аутсорсинг методу менен уюштурууга жетишти. Азыр курстун катышуучулары райондук жана аймактык конкурстарга катышып, орундарга ээ болушууда.

Аталган курс USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду.