5-сентябрда өлкөнүн алдыңкы банкы MBANK дүйнөлүк финтех компаниясы Thunes менен биргеликте стратегиялык кызматташуу боюнча негизги келишимге кол коюшту. Ийгиликтүү кызматташуунун аркасында кыргызстандыктар 160 өлкөгө ыкчам эл аралык төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Бул юридикалык жана жеке жактарга ар кайсы өлкөлөрдө ишканалардын ортосундагы жеткирүүлөр үчүн төлөөдөн, интернет-дүкөндөрдөгү товарларга төлөөгө, достор ортосундагы жеке которуулардан жана эл аралык операциялардын кеңири спектрин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
«Тюльпан сатып, 10 күндө унаа алдым»
6 жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келе жаткан Медер Сабыров менен маектештик. "Бир сезондо эле тюльпан сатып, унаа алдым"дейт...










