«Келемишке жем болгон мекендештерди көрдүм» дейт Москвада 25 жылдан бери эмгектенген жеке ишкер

Москвага 22 жашында келип, үй-бүлө күтүп, орун-очок алып калган жеке ишкердин чоң кыялы кандай, билесизби? Ал Кыргызстанга кайтып келип, мекенинде, эли-журтунда жашагысы келет. SuperTV телеканалына Москва шаарында тигүүчүлүк жаатында мекендештерин жумуш менен камсыз кылып келген Эмил Жайчиев өкүнүчү, кыялы, ийгилиги тууралуу маек курду.