“УКМКнын кызматкерлери 100 миң доллар талап кылышууда” дешет адилеттүүлүк издегендер

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарындагы УКМКнын алдында нааразычылык акциясы орун алып, акцияга Баяалы Сманкулов аттуу жарандын жакындары жана бир туугандары чыгышкан. Алардын айтмында, Баяалы Сманкулов аттуу жаранды жалган жалаа менен камакка алышып, адилетсиз сот жүрүп жатат. Алар Бишкекке атайы Ош шаарынан келишип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусун талап кылышууда.