“1 миллион рублди кыргыз кыздарына кулинарияны үйрөтүүгө жумшайм” дейт “Кондитер” шоусунун жеңүүчүсү

Жакында эле Орусиянын «Пятница» телеканалындагы «Кондитер» теледолбоорунун бешинчи сезону жыйынтыкталып, анда мекендешибиз Анара Мурзакулова жеңүүчү аталды. Кыргызстандык келин бул долбоорго кандайча катышып калганы, андагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу SUPERTV’га айтып берди.