“10 жылдан бери абакта жаткан күйөөмдөн 2 бала төрөдүм” дейт кош бойлуу келин

Кайнаган ысык, кепедей үй, анын ичинде чиедей эки баласы менен күн кечирген кош бойлуу келин. 27 жаштагы Кынбат Кубанычбек кызы жолдошу 10 жыл мурда адам өлтүрүү беренеси менен темир тор артына түшкөнүн айтат. Каарманыбыз бул убакыт аралыгында абакка барып жолдошу менен жолугуп турганын, ал арада 2 балалуу болуп, үчүнчүсүн күтүп жатканын айтат. Жолдошун күтүү менен күнү өтүп жатканын айткан келин өз башынан кечирип жаткан тагдырын баяндап берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0703 97 97 31