10 жылдан бери таттуу кебез сатып, 2 миң сомдой табам дейт 60 жаштагы Байыш Закиров

СуперТВнын «Тузу оор кесиптер» долбоору бул ирет 10 жылдан ашык убакыттан бери таттуу кебез сатуу менен алектенген Байыш Закировдун иши тууралуу материал жасадык. 60 жаштан ашканына карабай 15 чакырым аралыкты жөө басып, шаар көчөлөрүн аралап пахта кант саткан каарманыбыздын көп жаштарга, деги эле коомчулукка үлгү боло ала турган жактары көп. Ал бул ишке кантип келип калганын, ооруганына карабай адал эмгек менен нан таап келе жатканын айтып берди.