14 жылдан бери Ошто самса саткан Арапбай эмнеге ыйлады?

Арапбай Сатыбалды уулу 14 жылдан бери Ош шаарында сейилбакта самса сатып иштейт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген апасын баккан ал үйдөгү чыгымдар, ал эле эмес, насыя төлөө да анын моюнунда экенин айтат. Биз каарманыбыз менен самса сатып, маектештик.