20-30 жаштагылар оор абалда реанимацияда. Жугуштуу ооруларды дарылоочу мекемеден адис менен маек

Адистер расмий түрдө катталбаганы менен өлкөдө вирустун өзгөчө оор түрү, башкача айтканда Индия штаммы жүрүп жатканын айтышууда. Ал эми серепчилер былтыркы каргашалуу июль кайталанышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Биз вирустун бул жаңы түрү, анын белгилери, өзгөчөлүгү, кооптуулугу жана вакцина жардам бере алабы деген сууроолор менен адистерге кайрылдык.