“21 жаштагы жубайым 14 саат толготуп жатып каза болду” дейт жолдошу | Дарыгерлер эмне дейт?

Бул жолку каарманыбыз бир эле учурда жубайынан жана уулунан ажыраган Актилек Аликенов. Ал “тун уулумду колума алам деп күткөм, жубайым курсагындагы баласы менен төрөттөн каза болду” дейт. Учурда сай сөөгү сыздап, кан жутуп турган ал жубайынын өлүмүнүн себеби азырынча тактала электигин айтат.