“24 жаштагы кызым 6 айдан бери дайынсыз. Издеп жүрүп тилемчи болуп кеттим” дейт 2 баланын энеси

Биздин бул жолку каарманыбыз Мухабат Эрматова 6 айдан бери дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кызын издеп жүрөрүн айтат. Бир колуна жоголгон кызынын сүрөтүн, экинчи колуна оорукчан уулунун сүрөтүн көтөрүп көчөдө элден жардам сураган ал өз баянын айтып берди.