“29 жыл чогуу жашаган аялым оорукчансың деп үйдөн кууп чыкты” дейт 55 жаштагы киши

Бул жолку каарманыбыз 55 жашта. Ал төрдө жылуу отуруп, бактылуу карылык сүрө турган куракка келгенде төрт дубалдын ортосунда оорудан кыйналып күн кечирип келатканын айтып, оор үшкүрүнөт. Каарманыбыз “29 жыл чогуу жашаган аялым мен ооруп калганда үйдөн чыгарып койду, азыр кезектешип бир туугандарымдын үйлөрүндө жашап жатам” дейт.