34 жаштагы келиндин өлүмү. “Мурдагы күйөөсү өлтүрүп койду” дейт келиндин апасы

Бүгүн, 5-апрелде 34 жаштагы Рахима Айкынбаеванын сөөгү жерге берилди. Келиндин жакындары “аны мурдагы күйөөсү денесинин 27 жерине бычак сайып өлтүргөн” дешүүдө. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кылмышка шектүү деп анын мурдагы жолдошун кармап, эки айга камакка алды. Келиндин артында 3 баласы калды.