«8-мартта аялга гүл эмес, тең укук тартуула». Бишкекте жөө жүрүш өттү

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоого багытталган жөө жүрүш «согушка каршыбыз» деген чакырык менен өттү. Бул жолку жөө жүрүш “Тынчтык! Март! Марш!” деп аталып, ал «Россия» кинотеатрынан башталып, Революция баатырларынын эстелигине чейин созулду. Иш-чара соңку жылдары жыл сайын өтүп келет.