“Адам өлтүрдү деп айыпталып, түрмөдө 5 жыл көрбөгөн азапты көрдүм” дейт экс-милиция кызматкери

SUPERTV каналы бул ирет Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Комсомол айылына жол алды. Биздин бул жолку каарманыбыз дал ушул айылдын тургуну Мелисбек Турсуниязов. Ал убагында Нарындын Жумгал районундагы Арал айылында аймактык милиция кызматкери катары кызмат өтөгөнүн айтат. Келечекке пландар, кыялдарды койгон аймактык милиционер “дал ошол иште иштеп жатып, көп өтпөй адам өлтүрүүгө шектелип, ак жерден абакка түштүм” дейт. Ал бул видеодо ошол темир тор артындагы оор күндөрүн баяндап берди.