Адвокат: «Атамбаев сотко келмек түгүл 1 саат да отура албаган оор абалда»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенине карабай, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү боюнча соттук отурум эки аптага жылдырылып кетти. Кийинки процесс Биринчи май райондук соту тарабынан 28-январга белгиленди.